БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июнда "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсынын ишмердиги тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, премьер-министр ипотекалык насыянын жылдык үстөгүн алты пайызга чейин кыскартуу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берген.
"Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасы өз аталышына татыктуу болушу керек. Азыркы шарттар социалдык тармактагы жумушчулардын жана мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгү үчүн туура келбейт. Ипотекалык насыялоонун шарттарын жакшыртуу өкмөттүн алдында турган башкы милдеттеринин бири", — деп Абылгазиев билдирген.
Өкмөт башчы калкты ипотекалык программанын шарттары тууралуу маалымдоо жана республика боюнча анын катышуучуларын кеңейтүү иштерин улантууну тапшырды.