Коомчулукка кайрылып майып, кароосуз калган 20га чукул энени үй-жайлуу кылып, жакшылыктын үрөнүн сепкен ишин улантып келе жаткан Байматов менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева маектешти.
— Кайрымдуулук иштерди жасап калууңузга эмне түрткү болду эле? Фонд түзүүгө бир нерсе себеп болсо керек?
Бир күнү интернеттен "баспаган бутум менен депутаттардан тарта, министрлерге чейин жардам сурап барбаган жерим калган жок" деп шолоктоп ыйлаган энени көрүп калдым. Ызаландым, боорум ооруду, акыры элден сураштырып отуруп дарегин таптым. Ал-абалы менен таанышкандан кийин досторумду жардамга чакырып ортодон акча чогултуп 2015-жылы баштаган үйдү 2016-жылы бүтүрүп ал энеге жаңы тамдын ачкычын тапшырдык. Анда улуулар "Кыргызстанда мындай жардамга зар аялдар, энелер көп ишиңерди токтотпогула" деп батасын берди. Ошондон кийин кайрымдуулук фондуну түздүк.
— Жардам сурап кайрылгандар көп болсо керек?
— Аябай көп. Фондубуз түзүлгөндөн кийин радио, гезит, журналдарга барып маек берип жүрсөм бир аял чалып "Азамат сен тууралуу радиодон уктум, телефонуңду да ошол жактан алдым. Сенден эч нерсе суранбайм, болгону мага бир келип кете аласыңбы" деп калды. Колум бошобой баралбай жүрүп, дагы бир чалганда бардым. Үйүнө кирип ал эненин көргөндө денем муздай түштү. Кичинекей тар бөлмөдө, бурчта керебетте ордунан тура албаган жашы 50дөн өтүп калган аял киши жатыптыр. Барып учурашсам "ушул төрт дубалдын ичинде өмүрүмдүн өтүп жатканына 28 жыл болду" деп мени кучактап алып аябай ыйлады. Төшөгүн ачканда денем "дүр" эле түштү. Аялдын буту жон санынан өйдө жок экен. Бою бир метрчелик. 28 жыл үйдөн чыкпай, керебеттен турбай жаткан адамды элестетиңиздер… Жөрмөлөп оокат кылат экен. Жалгыздык жанга батканын айтып, шолоктоп ыйлады. Көрсө, ал эне катуу дартка чалдыкканда кайненеси баласына "ооруп калса, муну менен өмүр бою жашайт белең" деп ажыраштырып, эки баласын алып кетип калыптыр. Балдары азыр чоңойгон менен бир басып келип энесинин ахывалын сурап койбоптур. Азыр кызы анда-санда келип каралашып турат экен. Ичим ачышканынан "эне сиздин уулуңуз мен болоюн" дедим. Ал күнү үйгө барып түнү менен уктабай бул энени эмне кылып кубандырсам деп ойлонуп чыктым. Ошентип интернеттен карап атып, Рахат эжеге функционалдуу керебет алып барып бердик. Андан бери эки жыл өттү. Учурда ал энеге үй салып жатабыз, жакын арада курулушу бүтүп калат.
— Кайрылган бардык адамдарга эле үй салып бере бербейсиңер да?
— Ооба, ар кандай тагдыр менен көп адам жардам сурап келет. Бирок биз фондуну негиздеп жатканда энелерге басым жасоону туура көрдүк. Себеби апалардын мээнети зор, алар көргөн азапты көп адам көрбөйт эмеспи. Анын ичинен биз ден соолугунан жабыркап, кароосуз калган энелерге басым жасайбыз. Арабызда бир эмес, үч майып баланы баккан аялдар бар. Алардын бири Асыл аттуу эже. 17 жылдан бери автоунаа жууган жерде иштейт. Майып эки баласын күнүгө жумушка сүйрөп барат. Жанына коюп алып унаа жууп, түшкү тамактарын берип коюп кайра ишин улантат. Жакында ал да үйлүү болду. Биз аялдарга там салып бергенибиздин себеби көп адам калаада батирде туруп, тапкан-ташыганы анын акысын төлөөгө кетирет. Жок дегенде үйлүү болуп калса бирөөнүн көзүн карабай өз үйүндө жашап, санаасы тынч болот да.
— Бир там тургузуу оңой эмес го. Кайрымдуулук иштерине каражатты кайдан табасыңар?
— Чет өлкөдөн акча сурабайбыз. Кайрымдуу иштерди жасаарда кыйынчылык абалга туш келген энелердин окуясын түшүндүрүп коомчулукка кайрылабыз. Арасынан өз каалоосу менен жардам беребиз дегендер чыгат. Баса, белгилеп кетчү нерсе, өлкөдө боорукер адамдар көп, айрыкча чет жерде иштеп жүргөн мекендештерден жардам көп келет. Мисалы, үй салаарда, ар ким колунан чыккан акчасын атайын эсепке салат. Аны биз чогултуп үй баштап бириникине үйдүн пайдубалын курсак, экинчисиникине кирпич алабыз. Ошентип бир үй салууга көп адам себепкер болот. Там бүткөндөн кийин ар биринин аты аталып, энелер, эл батасын берет.
Атын атагысы келбей, сооп иш жасагандар көп, ал тургай минип жүргөн атынан бери жардамга муктаждарга бергендер бар. Өткөндө бир киши чалып, "Азамат мага келип жолугуп кетчи" деп калды. Жардам сурагандардын бири го деп барсам, ат таптаган адам экен. Бир күлүгүн чыгарып "кайрымдуулук иштердин бирине керекте, бирок менин атым аталбасын" деди. Ошол кезде жогоруда айткан буту жок Рахат эненин үйүнүн курулуш иштери жүрүп жаткан. Жылкыны алып барып базарга сатып, дубалына керектүү газ бетон алдык. Жумуштар бүткөндөн кийин ал байкени, Рахат энени чакырып батасын алды. Мына ушундай эч кимге кылган ишин милдет кылбаган кайрымдуу адамдар арбын. Көрсө, жакшы иш кылсаң, Кудай сага эки эселеп кайтарып берет экен.
— Жеке ишкерлик менен алектенем деп калдыңыз?
— 2004-жылдан 2008-жылга чейин оператор болуп той тартчумун. Кудайга шүгүр жакшы эле каражат топтодум. Андан кийин беш жыл унаа алып-сатып иштедим. Бутка туруп калгандан кийин Талас облусунда кафелерде сүрөт кызматын жайылтып, ал жактан да жакшы пайдасын көрдүк. Азыр ошол иштерим бар, андан сырткары дагы майда-чүйдө каражат табуу булактарымды иштетем.
— Кайрымдуулук иштерди жасоо бизнес деп дагы коюшат. Сиз буга кандай карайсыз?
— Элден чогулган ар бир акчанын отчетун чыгарабыз. Ким канча сом салса, ага эмне алганыбызды сүрөткө тартып туруп жөнөтөбүз. Бул жерде максатыбыз бирөөнүн ак эмгегин жеп алуу эмес, башкаларга бакыт тартуулоо. Биз тескеринче, жетпегенине өз чөнтөгүбүздөн каражат чыгарып беребиз. Кудайдын алдында акпыз.
— Кесибиңиз боюнча кимсиз?
— Кичине кезимде медреседе окугам. Жогорку билимди Ислам университетинде алып, араб тилинен котормочу адистигин аяктагам.
— Силердин фонду башкалардан айырмаланып жарандарга дагы кандай жардамдарды бере алат?
— Балдарыңызды кандай ыкма колдонуп тарбиялайсыз?
— Беш балам бар. Аларды карылар, балдар үйүнө көбүрөөк алып барып турууга аракет кылам. Себеби ал жакты көргөндөн кийин өздөрү эле тарбияланып калат. Аялыма да ушундай ыкма колдоном. "Шуба, алтын шаке, сөйкө, билерик алып бер" дегендер буту жок, эптеп оокат кылып жаткандарды көргөндө "шүгүр" дегенди үйрөнүшөт.