"Алтай — ата-бабанын ыйык жери"! Филармонияда өзгөчө концерт өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызская государственная филармония им. Т. Сатылганова. Архивное фото
Кыргызская государственная филармония им. Т. Сатылганова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертте Алтайдын ырчы, бийчи, композиторлору жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү өз өнөрлөрүн тартуулайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Алтай — ата-бабанын ыйык жери" аталышындагы концерт өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара 7-июнга пландалган.

"Концертте Алтайдан келген ырчы, бийчи, композиторлор жана эл аралык сынактардын жеңүүчүлөрү өз өнөрлөрүн тартуулайт. Ошондой эле ата-мекендик аткаруучулар менен дагы дуэт ырдашат. Иш-чаранын максаты —эки элдин маданиятын чыңдап, достук мамилесин бекемдөө болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.

Министрлик мындай иш-чара өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0