Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Ак-Татыр в Баткенской области
Село Ак-Татыр в Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоо кыркаларында жаан-чачын болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-июнда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Түнкүсүн жаан жаабайт.

Чүйдө 25…30, Таласта 24…29 градус ысык болот. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы 26…31 градуска көтөрүлөт.

Ысык-Көл менен Нарында болсо 19…24 градус жылуу болот.

Бишкекте абанын температурасы 27…29 градуска жетсе, Ош шаарында 28…30 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0