БИШКЕК, 31-май — Sputnik. КР өкмөтү окуу китептерин ижарага берүүнүн жаңы системасын карап жатат. Өкмөттүн маалымат кызматы аталган министрликке "Жаңы китеп" мекемесин түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилгенин билдирди.
Андан сырткары, ата-энелер балдарына бир китепти 250 сомдон 500 сомго чейин сатып беришет. Бирок китеп сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбогон ата-энелер да бар.
"Жаңы китеп" мекемеси китеп таңкыстыгын ижара системасы менен чечет.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымдашынча, жакыр жашаган үй-бүлөрдүн балдары төлөмдөн бошотулат, ал эми бир үйдө 3-4 баласы окугандар ижара акысынын 50 пайызын төлөйт.
Өкмөттөн билдиришкендей, жаңы предметтик билим берүү стандарттары менен чыккан жаңы китептерден гана ижара алынат.
Билим берүү министрлиги ижарага бериле турчу китептердин тизмесин бекитип турат.