Жакыпов: Чүй облусунун аймагындагы чек аралардын абалы жакшырды
Чүй облусуна тийиштүү чек аралардын абалы жакшырды. Бул тууралуу Жаныбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көзөмөл өткөрүү жайларынын абалы заман талабына жооп берет.
"Чүй облусу боюнча айтса кетсем, "Ак-Тилек", "Токмок", "Кең булуң", "Чалдывар" көзөмөл өткөрүү бекеттери жаңыланып, бүгүнкү күндө замандын талабына ылайык курулуп бүттү. Бүгүнкү күндө ал жерде чек арачылар күнү-түнү кызмат өтөп жатат", — деди Жакыпов.
Ал ошондой эле чек ара кызматкерлеринин кесибине кызыккан жаштар көбөйүп баратканын жана мектеп окуучулары келип аскерлердин жумушу менен жакындан таанышып турарын кошумчалады.