Алгач залкар манасчылар манастап ураан чакырып баштап беришти. Кезек-кезеги менен манас айтылып, андан соң ондогон киши бир учурда жамааты менен айтты. 18.00дө башталган иш-чара төрт саатка созулат. Уюштуруучулар Манастын күчү элди биримдикке жана ынтымакка чакырарын, андыктан жергебизде тынччылык болсун деген максатта борбордук аянтта өткөрүү каралганын билдиришти.
Режиссер Ырыс Окенованын айтымында, иш-чара КТРКнын түптөлгөнүнүн 60 жылдыгына карата уюштурулууда.