Шаршембиге карата аба ырайы

© AP Photo / Michael ProbstСильный ветер во Франкфурте
Сильный ветер во Франкфурте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. 30-май күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Чүйдө 20…25, Таласта 19…24 градус жылуу болот. Ош менен Жалал-Абадда 21…26, Баткенде 22…27 градус ысык болору айтылды. Ысык-Көлдө күндүн табы 17…22 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 15…20 градус жылуу болот.

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы 21…23 градуска жетет. Ош шаарында күн ачык болот, 22…24 градус жылуу болору божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0