БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын "Азия кубогу — 2019" оюнунда жеңишке жетиши күмөн. Бул тууралуу курама командаларга сереп салган Марафонбет сайты жазып чыкты.
Март айында улуттук команда Александр Крестининдин жетекчилиги алдында Мьянма жана Индиянын футболчуларын жеңип, биринчи жолу Азия чемпионатына катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Эске салсак, букмекерлерлин болжолдоосунун коэффициенти канчалык төмөн болсо, курама команданын мүмкүнчүлүгү ошончо жогору болот.
Япония жана Иран командаларынын коэффициенти 6 жана 6,2 болуп эң жогорку баскычты көрсөткөн. Андан кийинки орунда Түштүк Корея (7,2), Австралия (7,5), Бириккен Араб эмирлиги (7,6) турса, Сауд Аравияныкы 9. Эң төмөнкү коэффициент Йемен, Филиппин (176), Индия (201), Кыргызстан жана Түркмөнстан (301) өлкөлөрүнө берилген.