БИШКЕК, 23-май. — Sputnik. Москвада 27 жаштагы кыргызстандык жаран киши колдуу болду. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы РФтин укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 17-майында элчиликке интернет булак аркылуу Москва облусундагы Красногорское шаарындагы сот-медициналык бөлүмүндө М.У. аттуу кыргызстандык жарандын сөөгү жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн.
“Такталган маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын жети жараны 14-май күнү болжол менен саат 15:00дөр чамаларында Красногорское шаарындагы Красный Бульвар көчөсүндөгү суунун жээгине эс алууга чыгышкан. Ал эми саат 17:00дөрдө кайра тарашат да, маркум, бир кыз жана дагы бир эркек киши болуп үчөө андан ары эс алабыз деп калышат”, — деп айталат маалыматта.
Ушул эле күнү кечинде М.У. жана аны менен калган кыз сабалып ооруканага түшкөн.
Бул боюнча Россиянын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон.
Каза болгон жаран Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулганы маалым болду.