БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ноокенде сел агызып бара жаткандардын жардамга чакырган үнүн угуп, дароо жетип келип, өмүрүн тобокелге салып аларды куткарып калган каарман ата-бала Сагынбек Маражапов менен Сагынбек уулу Зулпукарды ӨКМ сыйлады. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Эскерте кетсек, 19-майда 20:00-21:00 чамасында Ноокен районундагы Кара-Булак сайында тыгылып калган Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унааны чыгарам деп жаткан жигитти капыстан келген сел агызып кеткен. Ага чейин уулу телефон аркылуу досторун жардамга чакырган.
Айтмакчы, сел кырсыгына кабылгандар да ата-бала болгон.
"Ошол жерге жакын жашаган Сагынбек Маражапов жана анын уулу Сагынбек уулу Зулпукар жардамга чакырган адамдардын үнүн угуп, сайдын ичинде агып бара жаткан автоунаада киши бар экендигин байкап калышкан. Сайга аркан ыргытып, агып жаткан сууга түшүп келип, селде калган Рустем Махсудовдун белине арканды байлап, алып чыгып, үйүнө алып барып, суу болгон кийимдерин кургатып, камкордукка алышкан ", — деп айтылат маалыматта.
Баласын куткарган учурда жардын жээгинде отурган атасы жок болуп кетип, эртеси куткаруучулар менен милиция анын сөөгүн төмөнүрөөк жактан суудан тапкан.