00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанга ЕККУнун башкы катчысы келип, Жээнбеков менен жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы катчы ЕККУ өкмөттүн "Таза коом" долбоорун ишке киргизүүнү камтыган бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырууну улантарын белгиледи.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-майда ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жээнбеков Томас Гремингердин Кыргызстанга келиши өлкөдөгү жүрүп жаткан демократиялык реформалар багыты ЕККУ тарабынан колдоого алынып жаткандыгын көрсөтөрүн белгиледи.

"2005-2010-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн окуялар диктатуранын жана парламенттик демократиянын кагылышы болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУнун колдоосу менен өлкөбүз оор сыноолорду жеңип, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Өткөн президенттик шайлоо Кыргызстандын демократиялык жол менен кетип жаткандыгынын ишенимдүү далили болду. Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз, анткени мамлекеттин келечеги парламенттик демократияга байланыштуу", — деп өлкө башчы билдирген.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков соттук-укуктук реформаны тездетүү үчүн жаңы Жарлыкка кол койду
Мамлекет башчысы 2018-жыл өлкөдө "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганын эске салып, элеттиктердин жашоо шартын жакшыртууга, региондордун экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө, жумушчу орундарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле президент Томас Гремингерди ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигинин 20 жылдыгы менен куттуктап, мындан ары да жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирди. Ал эми ЕККУнун күздөгү Парламенттик Ассамблеясы Кыргызстанда өтүп, иш-чара өлкөдөгү парламентаризмди бекемдөөгө көмөк болорун белгиледи.

Томас Гремингер өз учурунда Кыргызстанда демократиялык институттар ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, республикадагы адам укуктарын коргоо боюнча жакшы жагдайларга токтолду.

"Биз сөз эркиндигин коргоого багытталган Сиздин чечимдерди канааттануу менен кабыл алдык. Ошондой эле жарандык сектордун өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баалаганыңызга кубанычтабыз. ЕККУ мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, сөз эркиндигин жана адам укугун коргоо, жарандык коомду колдоо сыяктуу принциптерге таянган парламенттик демократияны бекемдөө иштеринде Кыргызстанды колдойт", — деди Гремингер.

Ал ошондой эле ЕККУ өкмөттүн "Таза коом" долбоорун ишке киргизүүнү камтыган бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырууну улантаарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0