Жээнбеков соттук-укуктук реформаны тездетүү үчүн жаңы Жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года
Президент КР Сооронбай Жээнбеков встретился с семьями погибших, пострадавших лиц и участников народной Апрельской революции 2010 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жарлыктын негизги максаты соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу болуп саналат.

"Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы Кылмыш жаза кодекси, жоруктар жөнүндө кодекс, укук бузуулар жөнүндө кодекс, жазык-процесстик кодекс, жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу процессин алдыга жылдыруу максатында президенттин атайын Жарлыгы даярдалды", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, документ 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Жаңы мыйзамдардын алкагында кылмыш-жазык сот өндүрүшүн гумандаштыруу, криминалдан арылтуу жана укук бузуунун чыныгы мүнөзүн аныктоо иштери аткарылат.

Жарлыктын толук тексти менен президенттин сайтынан таанышыңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0