00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Милиционер пара бер дегендей колумду сылады". Кара-Сууда тартылган видео

Жазылуу
Кыздын айтуусунда милиция кызматкери ага асылган. ИИМдин ички иликтөө кызматы териштирип жатат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда милиция кызматкери Адина Жолдубаева (жабырлануучунун коопсуздугу үчүн аты өзгөртүлдү – ред.) аттуу кызга асылганын жабырлануучу өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуянын видеосу активист Болот Ибрагимовдун YouTube-каналына жарыяланган.

Кыздын айтымында, 24-мартта курбу кыздары менен Кара-Сууга соода кылуу үчүн келишкен. Ал туура эмес жерден бурулганы үчүн милиция кызматкери токтотуп, кыздын айдоочулук күбөлүгүн, транспорттун катталганы жөнүндөгү документте алып, машинага отур деген. Бул учурда милиционерлердин бири да өзүн тааныштырган эмес.

Жолдубаева машинага отурганда ичинде бир милиционер болгон. Ал айыпты ушул жерден эле төлөп кет, 1000 сом берсең коё беребиз дегендей ишарат берген.

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Баткенде беш миллион сомдой акчасын "уурдаттым" деп алдаган киши соттолду
"Кайсы жерде иштеримди, телефон номериңди бере аласыңбы деп сурады. Андан кийин колумду сылап: "эгер сенин жигитиңе чалсам мага капа болбойт болуш керек, ээ?" дегенде колумду тартып алып, күйөөм бар экенин айтып, машинадан чыга качтым", — деди кыз.

Жабырлануучунун айтымында, ал дароо өзүнүн машинасына барып, телефонун алып, окуяны тартып баштаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге кесиптештерин чакырган. Жолдубаева милиционерлер анын телефонун тартып алууга аракет кылып, видеону өчүрүүнү көздөшкөнүн, бирок ал телефонду бербегенин билдирди.

Милиция кызматкерлери протокол түзгөн эмес. Жолдубаева окуя болгон жерден документин албай кетип калган. Аны артынан форма кийбеген киши кууп жетип, техникалык паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берип, видеону өчүрүп салууну суранган. Кыз андан баш тарткан.

Жабырлануучу Кара-Суунун прокуратурасына кайрылган. Милиция кызматкерлери өз көрсөтмөлөрүндө окуядан кийин Жолдубаеванын байкеси келип, карындашынын жүрүм-туруму үчүн кечирим сураганын айткан.

"Алар байкемди жана окуяны ойдон чыгарышкан. Менин байкем жок, мен Оштон соода кылайын деп келгем. Прокурор телефонумду техникалык экспертиза үчүн аларын айтып, биро сөзүнө турбай койду. Эки жумадан кийин кылмыштын курамы болбогондуктан кылмыш иши козголбой турганы боюнча токтом келди", — деди кыз.

© Фото / предоставлено пострадавшей сторонойПоврежденный телефон пострадавшей
Поврежденный телефон пострадавшей - Sputnik Кыргызстан
Поврежденный телефон пострадавшей
Жолдубаева облустук прокуратурага кайрылганын кошумчалады.

Ал эми ИИМдин ички иликтөө кызматы тартылган видеону карап чыгышканын, бул окуя боюнча териштирүү жүрөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуяга көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0