БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары ырчы Рианнанын жарнамалык ролигин туурап түрдүү вирустук видеолорду таратышууда. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.
Буга чейин ырчы теринин кемчиликтерин жаап-жашырган кремди жарнамалап видео жарыялаган.
Clothes not needed 😏. #BODYLAVA in #WHONEEDSCLOTHES drops April 6th! pic.twitter.com/GnRDAIRIXx
— Fenty Beauty (@fentybeauty) March 26, 2018
Рианна ийнине хайлайтер (косметикалык каражат) чачып, соңунда аны кисточка менен сүртүп койгон.
Ырчынын ролигин туурап алгач россиялык эки жигит видео тарткан. Анда биринчиси өзүнүн ийнине кремди койсо, экинчиси сакалы менен сүртүп койгон.
Ролик ошол замат вирустук видеого айланып, интернет колдонуучулары крем, кетчуп, соусту денесине куюп, аны пол жууган таяктан тарта, иттер менен сүртүп тамашалуу видеолорду жарыялашууда.
Found this on reddit (u/someothermate) this is the funniest thing I have ever seen pic.twitter.com/zdTPelV3Je
— Leesha (@xsparkage) April 13, 2018
Мындай тамашалуу видеолор #BodyLavaChallenge, #RihannaChallenge хештэгдери менен интернетке жайылууда.