БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ишемби күнү тоолуу райондордо жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облустарында 19…24 градуска чейин күн жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 18…23 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ысык-Көл менен Нарында 16…21 градус жылуу болот.
Бишкек шаары менен Ошту ала булут каптап, күндүн табы 21…23 градуска чейин жетет.