Бишкекте билим берүү фестивалы өтөт

Жазылуу
Иш-чаранын алкагында кызыктуу конкурстар менен мелдештер уюштурулат.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте маданияттын көп түрдүүлүгүнө арналган билим берүү фестивалы өтөрүн иш-чаранын менеджери Марина Колесникова билдирди.

Последний звонок в Бишкекской школе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуу жылын 10-сентябрдан баштоо каралып жатат
Бул фестиваль "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык коомдук фондусу, Бишкек мэриясы, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссия жана Бишкек гуманитардык университети менен чогуу уюштурулууда.

Иш-чара 19-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Улуттук филарманияда жана Жаштар Аллеясында өтөт.

Фестиваль учурунда катышуучулар башка элдин тили, маданияты менен тааныша алат. Андан сырткары "Дүйнө элдеринин ашканасы" аянтчасынан тамактарды жасоо боюнча мастер-класстарды көрө алышат.

Башкы сахнада өспүрүмдөр менен жаштардын чыгармачыл жамааты өз өнөрлөрүн тартууламкчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0