БИШКЕК, 17-май — Sputnik. АКШ менен чыңалган мамилелерге карабастан биз байланыштын болгон жолдорун ачык калтыруудабыз. Бул туурасында РФтин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко РИА Новости агенттигине маек куруп жатып билдирди.
"Эки тараптын мыйзамчыларынын диалогу үчүн каналдар ачык. Миллиондогон шайлоочулары бар парламентарийлер бири-бирин уга алышат жана эки тараптуу форматта, аны менен катар эле эл аралык парламенттик аянтчаларды иштей алышат. Диалог үчүн колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышат", — деген Матвиенко.
Төрайым конгресстин жетекчилигинен жана анын комитеттеринен да жооп боло электигин айтты.
Алаканы жакшыртуу үчүн формалдуу гана аянтчаларды колдонбостон, башка мүмкүнчүлүктөр караштырылып жаткандыгын белгиледи.
"Күздө, сентябрда Санкт-Петербург шаарында Аялдардын евразиялык форуму болот. Ага америкалык кесиптештерибизди, коомдук ишмерлерди, бизнестин, саясаттын, парламенттин өкүлдөрүн да чакырдык", — деди Матвиенко.
Иш-чара дүйнөлүк масштабда өтүп, ага аялдар элитасы катышмакчы.