БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Шаршемби күнү өлкө аймагында жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19…24, Ысык-Көл менен Нарында 14…19 градус жылуу болот.
Бишкек менен Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан-жаап, 21…23 градус жылуу болушу күтүлүүдө.