00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Окумуштуу Сарбагыш Абдрахманов эскерилип, аты өзү иштеген лабораторияга берилди

© Фото / Марат ТокоевИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Металлдардын эс-тутуму" илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Металлдардын эс-тутуму илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кесиптештери Абдрахманов баштаган илим Кыргызстанда гана эмес, КМШ чөлкөмүнда да жакшы изилдене электигин айтышты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Металлдардын эс-тутуму" илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди. Бул туурасында анын кесиптештери билдиришти.

© Фото / Марат ТокоевИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Металлдардын эс-тутуму" илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Металлдардын эс-тутуму илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Металлдардын эс-тутуму" илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди
© Фото / Марат ТокоевМаалыматта аталган илимий-изилдөө лабораториясы эс-тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча КРдеги жалгыз илимий борбор экендиги айтылат
Маалыматта аталган илимий-изилдөө лабораториясы эс-тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча КРдеги жалгыз илимий борбор экендиги айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Маалыматта аталган илимий-изилдөө лабораториясы эс-тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча КРдеги жалгыз илимий борбор экендиги айтылат
© Фото / Марат ТокоевБул лабораторияны Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Окумуштуу 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгон.
Бул лабораторияны Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Окумуштуу 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгон. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Бул лабораторияны Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Окумуштуу 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгон.
1/3
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Металлдардын эс-тутуму" илимий-изилдөө лабораториясына анын негиздөөчүсү, физика-математика илиминин доктору, аталган университеттин профессору Сарбагыш Абдрахмановдун ысымы берилди
2/3
Маалыматта аталган илимий-изилдөө лабораториясы эс-тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча КРдеги жалгыз илимий борбор экендиги айтылат
3/3
Бул лабораторияны Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Окумуштуу 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгон.

Маалыматта аталган илимий-изилдөө лабораториясы эс-тутуму бар материалдардын теориясын жана аны эсептөө методикаларын изилдөө боюнча КРдеги жалгыз илимий борбор экендиги айтылат. Бул лабораторияны Абдрахманов өмүрүнүн акырына чейин жетектеп келген. Окумуштуу 2017-жылдын 29-декабрында узакка созулган оорудан кийин кайтыш болгон.

"Ал киши баштаган илим Кыргызстанда гана эмес, КМШ чөлкөмүнда да жакшы изилдене элек эле. Дүйнө жүзүндө Америкада гана бир жерде ушул багытта иштер жүргүзүлүп жатыптыр. Ал ушул тууралуу акыркы күндөрүндө маектешип жатканыбызда айтып берген эле. Ал адам катары да адилеттүү, акылман, сабырдуу киши болчу. Педагог катары да эң кыйын, оор темаларды балдарга жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берчү. Ал кишинин университеттин өнүгүүсүнө кылган эмгегин баалап, өзү негиздеген лабораторияга ысымын берели деген чечим чыгардык", — деди Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин ректору Мураталы Жаманбаев.

Абдрахманов катуу нерселердин майышуу механикасы, материалдардын каршылыгы, бекемдик жана ийкемсиздик, машина куруудагы конструкцияларды эсептөө боюнча белгилүү адис болгон. Көптөгөн илимий эмгектердин автору.

АКШ, Россия, Казакстан жана Украинада кесипкөй адис катары эмгектенген окумуштуу Асылбек Айдаралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Антарктиданы багындырган биринчи кыргыз. Окумуштуу Айдаралиев тууралуу 6 факты
Илимдеги жетишкендиктери үчүн ал 1996-жылы Илим, билим,индустрия жана искусство эл аралык академиясынын (Калифорния, AKШ) академиги болуп шайланган. 1999-жылы ал КРдин Инженердик академиянын академиги, ал эми 2000-жылы Эл аралык инженердик академиянын академиги болуп шайланган. 2014-жылы ал "Даңк" медалы менен сыйланган.

Инженердик билим берүүнү өркүндөтүүдөгү чоң эмгеги үчүн 1999-жылы КР президенттин Жарлыгы боюнча "Кыргыз Республикасынын билимине эмгек сиңирген ардактуу кызматкер" деген наам берилген. 2005-жылы ал Кембридж университетинин биографилык борборунун "Дүйнөнүн алдыңкы мугалимдери" деген номинациясындагы эксклюзивдик тизмекке киргизилген.

Абдрахманов иштеп чыккан эс-тутуму бар материалдардын майышуу теориясы дүйнө жүзүнө таанылган. Маселен, анын илимий ачылыштары төрт томдуктан турган Бүткүл россиялык маалымдама колдонмосуна киргизилген.

Сарбагыш Абдрахманов 1943-жылы 12-январда ыйык Ысык-Көл кылаасынын Темир айылында төрөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0