БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Лейлектин Кушлук-Сай айылындагы сел жарым жартылай алып кеткен көпүрөдөн кечээ түнү өтүп бараткан бензовоз сайга кулап, ичиндеги күйүүчү май төгүлгөн.
"Бензовоздун ичинде 31 тонна солярка болгон. Окуя болгон жерге ӨКМдин 108-Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кулаган унаадагы солярканы сордурууга жардам берген", — деп жазылган маалыматта.
ӨКМден окуя болгон жерде ИИМдин эки кызматкери иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалашты.
Бул аймакта кечээ дагы бир табигый кырсык болгон.