БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда 13-майда катуу сел жүрүп, Чимген айылында эки турак үйдү, Исфана шаарында бир турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүн суу каптады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Агымы катуу суу 17:15 чамасында каптай баштаган.
ӨКМдин маалыматында саат 18:35те Лейлек райондук өрткө каршы куткаруучу бир бөлүмү тартылган.