БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Борбор калаадагы чоң сааттын алдына “Мен сени сүйөм, Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны катуу шамал көңтөрүп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp канал аркылуу маалымдап, сүрөтүн жиберди.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБорбор калаадагы чоң сааттын алдына “Мен сени сүйөм Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны катуу шамал көңтөрүп кетти
Борбор калаадагы чоң сааттын алдына “Мен сени сүйөм Бишкек” деген жазуу менен коюлган инсталляцияны катуу шамал көңтөрүп кетти
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Мэриянын маалымат кызматы аны кайра калыбына кетирүү үчүн аталган жайга тийиштүү кызматкерлер жөнөп кеткенин кабарлады. Мындай Бишкек шаарына болгон сүйүүнү билдирген инсталляциялар калаанын бир нече жайларына коюлган.
Буга чейин 24-апрелде болгон катуу шамал "Ала-Тоо" аянтындагы негизги желекти учуруп кеткен болчу.