БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 130 жана 300-чакырымдарында тоо таштарын кулатуу иштери жүрө турганын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери үстүбүздөгү жылдын 14-18-май күндөрү аткарылмакчы.
"Аталган тилкеде жол маал-маалы менен саат 9.00дөн 16.00гө чейин жабылып турат. Автоунаалар топтолушуна жараша кое берилип турат. Жол кыймылына ИИМ өкүлдөрү көз салат", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик жолго чыккан айдоочуларды сак болуп, жол эрежесин сактоого чакырат.