Дасторкондо бир нерсе калсын! Тойдогулар кыжырды кайнатканда

© SputnikСвадебное торжество
Свадебное торжество - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли шаан-шөкөттү жакшы көргөн калк эмеспи. Азыр кудай өзү кут кылсын, эки күндүн биринде той. Ага элибиз да көнүп бүттү. Айрымдары эки жума эрте эле көйнөк-кечесин камдаса, кээ бири кошумча таппай кыжалат болот.

Тойдун тойдой болгону жакшы, бирок кээ бир учурда арасында кыжырды кайнаткан учурлар, жинди кашайткан адамдар да болот. Өзүбүз деле идеалдуу эмеспиз деңизчи, бирок ар бир нерсенин чеги менен болгону жакшы. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет тойдогу кыжырга тийген учурларды коомчулуктан сурап билди.

Фестиваль Кыргыз Шырдагы в ущелье Салкын-Тер - Sputnik Кыргызстан
Берип жаман көрүнгөнчө... Тууган-туушкандар кыжырды кайнатканда
Тантык тамадалар. Тойдун көркүн ачып, кызыктуу кыла турган да, ызы-чууга салып буза турган да ушул адамдардын колунда. Тойго улуу муундун да өкүлдөрү келет эмеспи. Айрым тамадалар аларды эске албай, ойго келбеген оюндарды ойнотуп, бери жактагы адамды оңтойсуз абалга кабылтат. Жаныбарларды тууратып, мөөрөтүп-мааратканда жерге кирип кетейин дейсиң. Айрымдары тойдун теңин эле өздөрү сүйлөп бүтүрүп салат. Эс алдырбай эле эсиңди оодарат.

Шалкылдап бийлегендер. Байлоодон чыккан мал сымал улуу-кичүүнү карабай шалкылдап бийлегендер аман болсун. Клубда бийлеп жаткансып, болгон-бүткөн дене-мүчөсүн көрсөтүп бийлеген балдар-кыздарга кеп жок.

Баштык көтөргөн байкелер. Азыр дасторконду аялдардан биринчи эркектер тазалачу болду. Аялыңыз жаныңызда болбосо тойдон кешик деп алып кетиңиз, бирок өтө эле жанталашып тазалап жатканыңыз бул жакта турган кишиге жаман эле көрүнөт экен. Байкелер дейин десең, кээде тың жеңелерибизден улам алдыга жаңы эле коюлган тамак, салат, таттуу-тарапаны таппай каласың. Уят эле, негизи…

Чакырылбаган конок. Үй болсо да бир жөн, кафеге той ээси эсептеп туруп киши чакырат да. Жок, кээ бир коноктор жанына жагы эки-үчөөнү ээрчитип алат. Анысы аз келгенсип, алары башка коноктордун ордуна отуруп алат. Же кет деп айта албай тилиңди тиштеп эле отуруп каласың.

Празднование Нооруза на окраине Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Күйөөңдү эч ким тартып албайт... Аяш келиндер кыжырды кайнатканда
Жомок айткандар. Тостко чыгып алып той ээсинин жарыкка келген күнүнөн азыркысына чейин айтып туруп алган "жомокчулар" да айланы кетирет. Элди да эзип, өзү да эзилбей ток этер жерин айтып кетип калса болот да.

Жаны тынбагандар. Аарыдай болуп жөнү жок ары-бери баскандарды шыйрактан ары чапкың келет. Булар тамаданы да жүдөтүп, элди да тажатат. Балдарын койдой кылып жайып жибергендер да жинге тиет. Алып келгенден кийин кичине көзөмөлдөп коюш керек да.

Өзүн көрсөткөнү келгендер. Кийип келген көйнөгүн көрсөтүш керек да, ары-бери подиумда баскансып өзүн "модель" сезген селкилер аман болсун. Булар күзгүдөн да чыкпайт, ажатканага 10 кирип, оозун 10 боеп атып эстери оойт.

Бөтөлкөгө "кирип кеткендер". Тойдо арактын баарын ошол ичкен сыяктуу. Акыры тамададан микрофон талашып, тантырап баспай калат. Ичет десе эле иче бербей эки жакты карабайбы.

Жаңылыктар түрмөгү
0