Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жума күнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта 13…18, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 14…19, Ысык-Көл менен Нарында 8…13 градус жылыйт.

Бишкек шаары менен Ош калаасында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, 17…19 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0