БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Жамангулов ар түрдүү маселелер талкууланып жатканда Бишкек шаарында бир жылда ижарага берилип кеткен жер тилкелери боюнча маселени көтөрдү.
Анын айтымында, жерди ижарага берүүдө бир катар мыйзамсыз иштер болууда.
"Бишкек мэриясы акыркы бир жылда 86 гектар 42 сотых жерди 5 жылдык мөөнөт менен ижарага капиталдык курулуш жүргүзүү үчүн берген. Берилген ар бир гектардын баасы 10 миң долларга жетпейт. Бирок ар бир гектардын рыноктогу баасы — бир миллион сом. Аны ошол эле ортомчулар алып сатып жатат. Мисалы Токомбаев көчөсүндөгү 40 сотых жер жеке компанияга 139 миң сомго ижарага берилиптир. Бирок ал компания эки күндөн кийин 3,5 миллион сомго сатып жатат. Бул жерде көз боёмочулук болуп жатканы көрүнүп эле турбайбы", — деди ал.
Жамангулов учурунда Канат Исаев Токмоктун мэри болуп турганда 30 сотых жерди мыйзамсыз берген деп айыпталып, 12 жылга кесилгенин, бирок Бишкек шаарынан башчыларынын мыйзамсыз аракеттери көрүнүп турса да эч кандай реакция болбой жатканын билдирди.