Элчи Отунбаев Россиядагы иштер, кыйынчылыктар жана аракеттер тууралуу айтып берди

© Фото / пресс-служба Посольства КР в РФЧрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев
Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в РФ Болот Отунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Россиядагы элчиси Отунбаев күнүнө аларга 200гө чукул кыргызстандыктар кайрыларын билдирди

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп, элчиликтин учурда жасап жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Болот Отунбаев Россиядагы Кыргызстандын элчиси кызматына чейин Германиядагы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектеген. Биздин маектеш Европага караганда Россияда учурда иш абдан көп экендигине токтолду.

"Германияда иш аз болчу деп айта албайм, дагы бир учур ал жакта мигранттар Россиядагыдай сандагыдай көп эмес эле. Ал эми бул өлкөдө расмий алганда, Кыргызстандын 632 миң жараны бар. Ал эми бейрасмий сандарда миллион деп айтылып келет. Учурда күн тыным албай иштейбиз. Мекендештердин суроо-талаптарын аткарганга, жумуш берүүчүлөр менен болгон чыр-чатактарын чечкенге аракет кылабыз", — деп айтып берди Sputnik Кыргызстан агенттигине элчи Болот Отунбаев.

Элчи күнүнө орточо эсеп менен 200гө чукул адам кайрыларын, эч кимди көз жаздымда калтырбоого аракет кылып, жан үрөп иштешэрин айтып берди.

Нева дарыясынын жээгинде турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр Санкт-Петербургга мигранттардын көбү Кыргызстандан барган
"Жыйырма жылга чукул дипломатиялык кызматта жүрөм, адатта кайрылган суроого жооп кеминде үч күндөн, болбосо бир аптадан кийин берилет. Бүгүн биздин консулдуктун кызматкерлерди кишини эртең менен кабыл алса, кечинде колдоруна даярдалган документти тапшырат. Жарандардын маселесин тезирээк чечип бергенге аракет кылабыз, себеби Москванын ар кыл бурчунан же жакын жайгашкан шаарлардан келишет. Алар ары-бери каттап, убара тартып жүрбөшү үчүн маселесин ошол күндө чечип берүү аракеттери жасалат", — деди Отунбаев.

Элчиликке диаспора менен ишкерлер көмөк көрсөтөт

 Элчи аларга, мекендештерге Россияда көптөн бери жашап, бутуна туруп калган кыргызстандыктар, демөөрчүлөр материлдык жактан жардам берерин баяндады. Ал тургай дипөкүлдүктүн ичиндеги электрондук кезек менен тейлей турган аппаратты демөөрчүлөр алып бериптир. Башка мамлекеттердеги элчиликтерде мындай техника жок экендигин Отунбаев кошумчалай кетти.

“Эми паспортту Москвада туруп эле алып бергенге мүмкүнчүлүк бар, буга болгону үч жума кетет. Мурда үч айга жакын мезгил сартпалчу. Москвадан сырткары элчилик башка шаарларда иш алып барат. Екатеринбургда башкы консулдук, Новосибирскиде — вице-консулдук, ал эми Владивосток, Красноярск жана Санкт-Петербургда канцеляриялык бөлүмдөр ачылган. Сахалинден тарта ардактуу консулдуктар иштейт, Калининградга чейин колубуз жетет" – деди ал.

Элчиликтин алдында Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү эмгектенет. Алар кандайдыр бир чыр-чатактуу жагдай жаралса, Россиянын ИИМи менен биргеликте ыкчам тейде иш алып барат.

"Биз чет өлкөдө мамлекеттик миграция кызматынын тогуз өкүлү бар бирден-бир республика болсок керек. Алар Россиянын аймагында эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып барат ", — деди Отунбаев.

Түйшүгү түмөн иш, агылган эл

Элчи мигранттардын жана алардын балдарынын ким экендигин тактаган документтерди калыбына келтирүү, каттоодон өткөрүү иштеринен сырткары, иш берүүчүлөр менен ар кыл чыр-чатактарды чечүү жаатында ишешээрин кошумчалады.

Элчи иштеп жатып кырсыктаган мекендештерге ишканадан компенсация төлөтүп берүү маселелерине токтолду.

"Консулдук бөлүм бул жатта укуктук талаада иш алып барууда. Москвада эле эмес, жалпы Россия аймагында жаракат алган окуялар биздин түйшүк, биз териштире турган иштер. Окуя болуп кеткен шаарда же аймакта өкүлчүлүгүбүз болбосо да аны россиялык бийликтин көмөгү менен чечкенге аракет кылабыз. Ал эми басмаканадагы өрт сыяктуу окуяларда же иштеп жатып жаракат алган учурларда консулдуктун кызматкерлери келген өлкөнүн бийлиги менен жагдайды иликтеп баштайт. Бир ишти да көз жаздымда калтырбайбыз", — деди Отунбаев.

Манжаларын кестирген кыздын маселеси көзөмөлдө

Москва шаарындагы мигрант кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада иштеп жүрүп, колун аппаратка чайнатып жиберген Салтанат
Мигранттык кылып жүргөн мекендештердин арасында иштеп жатып, кырсыктап, манжаларын кестирген кыздын тагдырына элчиликтин кызматкерлери көз салып турат. Бул жагдай боюнча териштирүү иштери жүрүп жаткандыктан, анын жыйынтыгы тууралуу сөз кылуу эртерээк экендигин билдирди. 

Ал эми жылаңач патриот болуп, Россияда башка улуттагы кишилер менен сүйлөшкөн кыздарга кысым көрсөткөндөрдү элчи “мындай адамдар өлкөнү уят кылып жатышат” деди.

“Мекенге болгон сүйүү деп атап алып, башкаларды кемсинтип, уруп-сокконду мекенчилдик деп атоого болбойт. Ал жакшылыкка алып келбейт. Буларды биринчи иретте кыргыз даспорасы колдогон жок, башка диаспоранын өкүлдөрү да жакшы кабыл алган жок. Алардын кылыгын социалдык тармактагылар гана айыптабастан, диаспоралар да, мекенибизде да жаман кабыл алышты. Элчиликтин алдында ИИМдин төрт кызматкери жөн эле иштеп жүргөн жок, алар россиялык кесиптешетри менен тыгыз иш алып барууда”, — деп айтып берди Отунбаев.

Элчи мындай көрүнүштү тамырынан бери жоюу зарылдыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0