"Жамийланы сүйгөн" Назирет Дубашев: чын эле өлүп калдым го деп коркуп кеткем

© Sputnik / В. Курносов / Медиабанкка өтүү"Жамийла" тасмасынан кадр. Архив
Жамийла тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жамийла" тасмасында Жамийланын артынан шолоктоп чуркаган Сейит эсиңиздеби? "Бакайдын жайытындагы" мотурайган кара балачы? Дал ошол кичинекей таланттуу актер Назирет Дубашев жакында 65 жашка толду.

Кезинде кыргыз кинолорунун көркүн ачкан инсан эмнегедир андан ары актерлук өнөрүн улантып кеткен эмес. Режиссер болом деп жүрүп темир жолдо иштеп калган Дубашев Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болду.

© Sputnik / Табылды КадырбековНазирет Дубашев: Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында турам. Мал чарбачылык менен алектенип эле үйдөмүн
Кыргызский актер Назирет Дубашев - Sputnik Кыргызстан
Назирет Дубашев: Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында турам. Мал чарбачылык менен алектенип эле үйдөмүн

— Атыңыз интернетте Назрет, Назирет, Насреддин деп ар кандай жазылып жүрөт. Кайсынысы туура?

— Өзүмдүн чын атым Азирет болчу. Бирок кичине кезимде катуу ооругандыктан, ата-энем "бул ысымды көтөрө албай ооруп жатат окшойт" деп башына "н" тамгасын кошуп Назирет деп кайра коюшуптур.

— Азыр эмне иш кыласыз?

— Жакында 65 жашка чыктым, пенсиядамын. Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында турам. Мал чарбачылык менен алектенип эле үйдөмүн.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү15 жаштагы Дубашев "Жамийла" тасмасында Сейиттин ролунда
Кадр из художественного фильма Джамиля - Sputnik Кыргызстан
15 жаштагы Дубашев "Жамийла" тасмасында Сейиттин ролунда

— Эң алгачкы тасмаңыз кайсы? Анда канча жашта элеңиз?

Султанмурат, Нургазы, Очкарик... Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда - Sputnik Кыргызстан
Султанмурат, Нургазы, Очкарик… Бала кезде кино жылдызы болгондор азыр кайда
— Эң биринчи жолу 1965-жылы Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизиндеги режиссер Андрей Кончаловскийдин тасмасына тартылгам. Анда интернатта 4-класста окучумун. Мектепке режиссерлор келип сынак жарыялап калды. Балдар болуп баарыбыз катышып, ырдатып, бийлетип көрүп анан эпизоддук каарманга мени да тандап алышты. Өткөндө сынакка катышкан классташ балдарымдын бири "сен мурдуңду жеңиң менен аарчып сынактан өтүп кеткенсиң" күлүп жүргөн. Аны өзүм деле билген эмесмин. Ошентип тасмада мен Субан деген баланын ролун ойноп калдым. Ал мектеп күйгөндө өрттөн сактайм деп өзү өлүп калат. Фильмдин соңунда мугалим "Субандын атынан мектеп салам" деп терек кыйган жери бар. Андан кийин 1966-жылы режиссер Төлөмүш Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасында чоң ата, чоң апасына шаардан барган небересинин ролун аткардым. Эки жылдан кийин режиссер Ирина Поплавская тарткан "Жамийла" тасмасында Сейиттин образын жараттым.

— Өзүңүз кичинекей болсоңуз, тасмага тартылуу абдан кызык көрүнсө керек…

— Тартуу учурунда кызыктуу учурлар көп эле болду. "Биринчи мугалим" тасмасында мектеп күйүп кеткенде Субан да өрттөн каза болуп калат. Мага күйгөн баладай кылып капкара кылып көө шыбап, солярка менен күйгүзгөн кийиздин үстүнө жаткызып коюшкан. Тегерете аялдар отуруп алып кошок кошуп жатышат. Эми кошкон кошоктору шумдук, артисттер да. Алар ушунчалык ыйлап, өксүп жатканын угуп "баары аябай ыйлап жатат, мен чын эле өлүп калгам го" деп да коркуп кеттим. Кийиздин үстүндө ошол эпизод тартылып бүткүчө жаттым. Соляркадан жонум ачышып, араң жатканым эсимде. Тасмада суу кечкен да эпизод бар го. Ошол Бишкектин четиндеги Чоң-Арык айылынан тартылган. Октябрдын аягы, ноябрь айынын башы болуп калган, күн суук, суунун четтери да муз болуп тоңгон. Ошол суудан эпизод тартылып бүткүчө үч-төрт жолу жылаңайлак өттүк. Аркы жээкке чыгаарыбыз менен режиссердун жардамчылары "ооруп калбасын" деп спирт менен буттарыбызды сүртүп берет. Бирок анда балабыз да, баары оюн сыяктуу көрүнчү.

© Александр ФедоровНазирет Дубашев: "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролунда өзүмдү эле ойногом десем болот. Ата-энем мал баккандыктан биз да жайлоого чыгып, боз үйдө жашачубуз. Мен үчүн ал образдарды ойноо кыйынчылык деле жараткан эмес.
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Назирет Дубашев: "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролунда өзүмдү эле ойногом десем болот. Ата-энем мал баккандыктан биз да жайлоого чыгып, боз үйдө жашачубуз. Мен үчүн ал образдарды ойноо кыйынчылык деле жараткан эмес.

— Ал кездеги күчтүү режиссерлордун сынагынан кантип өттүңүз эле?

— "Жамийла" тасмасында Сейиттин образына 500 баланын ичинен мени тандап алышкан. Кандай критерийлер менен деле тандаганын билбейм. Ал кезде тааныш-билиш деген деле жок болчу да. Атам колхоздо малчы, карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан баламын. Бирок тентек, шок, эч нерседен тайманбаган бала элем. Балким ошол сапаттарымды баалап, ролго ылайык көрүшсө керек.

— Ролдоруңузду жеткире ойногонсуз. Образга кирүү оңой болбосо керек?

— Бала кезде образга кирүү дегенди деле билчү эмесмин да. Мисалы "Бакайдын жайыты" тасмасында Калыктын ролунда өзүмдү эле ойногом десем болот. Ата-энем мал баккандыктан биз да жайлоого чыгып, боз үйдө жашачубуз. Мен үчүн ал образдарды ойноо кыйынчылык деле жараткан эмес.

© Sputnik / Табылды КадырбековНазирет Дубашев: Сейиттин образы үчүн 4000 рубль алгам. Бирок мага командировкага төлөнгөн каражат эле жетчү
Кыргызский актер Назирет Дубашев - Sputnik Кыргызстан
Назирет Дубашев: Сейиттин образы үчүн 4000 рубль алгам. Бирок мага командировкага төлөнгөн каражат эле жетчү

 "Жамийла" тасмасында Сейиттикиндей жашоону баштан өткөргөн эмессиз да. Жамийла кетип калганда артынан чуркап ыйлаганыңыз көз алдыбызда…

Народный артист Кыргызстана Чоро Думанаев - Sputnik Кыргызстан
Актер Чоро Думанаев: 10 жашымда кайра биринчи класска отургам
— Образды ачып берүү — бул режиссердун таланты болсо керек. Ыйлатчу жерден ыйлатканды билген режиссер болсо актер эместер деле шолоктоп берет (күлүп). "Жамилянын" ошол эпизодуна келгенде жыргап эле барсам режиссер "билесиңби, бүгүн ыйлайсың" деди. Сценарийди карматып "качан даяр болгондо колуң менен белги берип кой" деди. Даяр болгондо колумду көтөрсөм режиссер, операторлор ызылдап эле эки жактан айланчыктап калышты. Чуркап, башында анча ыйлай албай бараткам, бир убакта өзүмөн өзүм ыйлай баштадым, чуркап баратып жыгылып да кеттим, ал сценарийде жок болчу. Мени менен операторлор да кошо чуркап чийди аралап колу-буттары тытылып тартышкан.

— Гонорар төлөнчү беле? Ал кезде артисттер кандай бааланчу эле?

— Ар бир фильмдин өзүнүн келишими бар болчу. Ошого жараша гонорар төлөнчү. Ал акчаларды деле мага колума беришчү эмес. Ата-энем менен келишим түзүп жаткандары эсимде. Сейиттин образы үчүн 4000 рубль алгам. Бирок мага командировкага төлөнгөн каражат эле жетчү. Ал кезде бул күчтүү эле акча деп саналчу. 2 сом 60 тыйындын 260 сомдой күчү бар эле.

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүНазирет Дубашев: убагында Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозова, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкар адамдар менен бир тасмага тартылып калганым үчүн эч өкүнбөйм, сыймыктанам
Кадр из художественного фильма Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Назирет Дубашев: убагында Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозова, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкар адамдар менен бир тасмага тартылып калганым үчүн эч өкүнбөйм, сыймыктанам

— Эмне себептен андан ары актерлук өнөрдү улантып кеткен жоксуз?

— Мен башынан эле актер болом деп максат койгон жокмун. Анын үстүнө артист болуп, анын кыйынчылыгын көргөн адамдар мага "артист болбой эле кой" деген кеңештерин беришкен. Бирок убагында Муратбек Рыскулов, Алиман Жанкорозова, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу залкар адамдар менен бир тасмага тартылып калганым үчүн эч өкүнбөйм, сыймыктанам.

— Окууну аяктаганда кайсыл адистикти тандадыңыз?

— Андан кийин телевидение, радиодо Дооронбек Садырбаевдин жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Режиссер болгум келип Ленинграддагы окуу жайга тапшырдым. Бирок ал жакты толук бүтүрө албай, темир жол тармагында иштеп калдым.

— Ал жакта эмне иш кылчу элеңиз?

— Поездде элдин жүгү менен иштечүмүн.

— Ошол жактан пенсияга чыктыңызбы?

— Ооба.

— Жалпы канча тасма тартылдыңыз?

— "Жамийладан" кийин "Уркуя" тасмасына эпизоддук каарман Мырза мурап деген суу жыккан баланын ролун ойнодум, андан соң казактардын дагы фильмине тартылдым. Ошентип армияга чейин тасмаларга тартылып жүрүп, андан кийин башка чөйрөгө өтүп кеттим.

© Фото / из личного архива Назирета Дубашева"Кош жылдыз" сынагында ырчы Анапия Райымбекова менен ырдап чыккан
Кыргызский актер Назирет Дубашев  - Sputnik Кыргызстан
"Кош жылдыз" сынагында ырчы Анапия Райымбекова менен ырдап чыккан

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Беш балам бар. Эки кыз, үч эркек. Байбичем да мурун театрда иштечү. "Кызыл алма" тасмасында эпизоддук ролдо ойногон. Бирок ал да эмнегедир театрга көңүлдөнбөй, радиого барып диктор болуп бир аз иштеди. Андан кийин ал да башка тармакты тандап кетти.

— Ата-энесинин жолун жолдогон балдар барбы?

— Жок, эч ким чыгармачылыкка ыктаган жок.

— Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата сизди эстегендер көп болсо керек?

— Азыр Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын айрымдары чогулуп алып, өлкө аймактарын кыдырып, мектептердеги адабий сабактарга катышып, окуучулар менен жолугуп жүрөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0