00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Create4 Design в Бишкеке: креативный бизнес КР обсудит ИИ, этику и новые профессии
08:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мамлекеттик башкаруу академиясы: илимий потенциал жана санариптик трансформация
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Академия наук сможет тратить заработанные деньги: беседа об инновациях в научной сфере
10:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Космостогу 200 күн. Салижан Шарипов тууралуу 7 факты

© AFP / TONY RANZEКыргызстандык алгачкы космонавт, КР Баатыры Салижан Шарипов. Архив
Кыргызстандык алгачкы космонавт, КР Баатыры Салижан Шарипов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн 12-апрель – Космонавтика күнү. 1961-жылы ушул күнү советтик космонавт Юрий Гагарин биринчи болуп космоско учкан.

Журналист Кабыл Макешов кыргызстандык алгачкы космонавт, КР Баатыры Салижан Шарипов тууралуу кызыктуу 7 фактыны баяндайт.

1. Балалык кыял. Дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты Салижан Шарипов 0964-жылы 24-августта Өзгөн шаарында жарык дүйнөгө келген. Көпчүлүк балдардай болуп бала чагында эле учкуч болууну кыялданчу. Орто мектепти аяктаган соң Россиянын Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайына тапшырган. Кийин иштеп жатканда космонавттарды даярдоо борборуна атайын комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп өтүп, балалык кыялы орундалып космонавт болгон.

© AP Photo / Mikhail MetzelСалижан Шарипов дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты болуп эсептелет
Российский космонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Салижан Шарипов дүйнөнүн 372, Россиянын 88, Кыргызстандын туңгуч космонавты болуп эсептелет

2. Асмандагы 950 саат. Армиядан кийин Харьковдогу жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайында билим алып, 1987-жылы Борбор Азия аскердик аймагынын 716-авиациялык полкунда учкуч-инструктор болуп кызмат өтөп, ар түрдүү учактар менен 950 саат учкан. 1990-жылы Юрий Гагарин атындагы советтик космонавттарды даярдоо борборундагы отрядга тандалып, атайын даярдыктан өткөн.

Государственный и общественный деятель Жумабек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Иш сапарга үч киши менен кеткен өкмөт башчы. Жумабек Ибраимов тууралуу 7 факты
3. Космоско сапар. 1994-жылы Москвадагы Мамлекеттик нефть жана газ академиясынын "Аэрокосмоэкология" факультетин бүткөн. 1997-жылы жайында АКШдан америкалык космос кораблинин бортунда атайын даярдыктан өтүп, 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине учуп, Россиянын орбиталык "Мир" комплексине ийгиликтүү жалгашкан. Салижан космос мейкиндигинде 8 күн 19 саат 46 мүнөт 54 секунд болуп, 31-январда Жерге кайткан.

4. Экинчи ирет космосто болуу бактысы. Ал 2004-жылдын 14-октябрында "Союз-ТМА-5" космостук кораблинин командири жана Эл аралык космостук станциянын 10-экспедициясынын бортинженери болуп, 192 күн, 19 саат 2 мүнөт космосто болгон. Эки ирет 10 мүнөттөн ачык космос мейкиндигинде жүргөн. 2005-жылдын 25-апрелинде Жерге аман-эсен кайтып келген.

© AP Photo / NASA TVКосмонавт 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине
Консмонавт Салижан Шарипов - Sputnik Кыргызстан
Космонавт 1998-жылы 22-январда "Endeavour" космос кемеси менен алгач ирет космос мейкиндигине

5. Ээлеген кызматтары. 2005-2006-жылдары АКШнын Хьюстон шаарындагы Джонсон атынданы космостук борборунда Юрий Гагарин атындагы космонавттарды даярдоо борборунун атайын өкүлү болгон. Кийин Россиянын космонавттарды даярдоо борборунун командиринин орун басары кызматын аркалаган. Ошондой эле "Союз-ТМ-29" жана "Союз-ТМ-30" кораблдеринин экипажын алмаштыруучу командири да болгон.

Режиссер Динара Асанова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өжөр, сырдуу, өтө эле өзгөчө режиссер Динара Асанова тууралуу 7 факты
6. Шарипов тасмада. Космонавт тууралуу 2012-жылы "Россия сыймыктаган мусулман" аттуу даректүү кино тасма тартылган. Андан кийин "Салижан Шариповдун жылдыздуу сааты" аттуу дагы бир тасма көрүүчүлөргө сунуш кылыган. Космостогу ийгиликтүү сапары үчүн Россия, АКШ, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик сыйлыктарына арзыган. 1998-жылы 3-февралда КР Баатыры, 2005-жылы 13-сентябрда РФ Баатыры деген ардак наамдарга татыктуу болгон.

7. Үй-бүлөсү. Салижан Шариповдун жубайы Насиба Мавлянова экономист болсо, кызы Нагира Москвадагы Эл аралык мамилелер университетинде билим алууда. Уулу Жахангир ата жолун жолдоп, Бишкектеги И.Абдраимов атындагы учкучтар окуу жайында окуп жатат. Салижан футболдун күйөрманы. Ош шаарынданы 22-орто мектепке ысымы ыйгарылып, Ош облусундагы көчөлөргө аты коюлган. Ошондой эле Ош шаарынын ардактуу атуулу, Ош мамлекеттик университетиинин ардактуу профессору.

Жаңылыктар түрмөгү
0