00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
3 мин
Күн башат
Россиянын академиясынан билим алган кыргыз аткаминерлери. Мэрлер эмнени окуп келишти?
09:03
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Права под защитой? Омбудсмен — о самых острых жалобах кыргызстанцев
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ишкерликти колдоо. Мамлекет аял ишкерлер менен чакан жана орто бизнести колдоого алат. Долбоордун шарты
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Зарплаты выше, планка тоже: что даёт нацстатус вузу культуры и искусств
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Пушкиндин чыгармалары кайсы заман болбосун актуалдуу, тили да түшүнүктүү
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
On air
16:04
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Белгилүү комузчунун уулу, Жекшен Карамолдоев согушка кенже лейтенант наамы менен катышкан
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
On air
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кыргызстанда сумонун келечеги барбы — биринчи жолу кыздар курамасы дүйнө чемпионатына катышат
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Новые правила аренды: что грозит тем, кто сдает жильё «по доверенности»
20:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Быйыл балдар арасындагы кылмыштуулук 10 пайызга азайды — алдын алуу чаралары канчалык натыйжалуу?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: ак жоолук салынган Асел, UFC курун тагынган Хабиб

© Фото / Нурмухаммед СариевБелгилүү ырчылар Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова
Белгилүү ырчылар Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада интернет айдыңынан орун алган кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Узаган жуманын алгачкы күнү Бишкектин маршруттук таксилеринин иш таштосу менен башталды. Апта аягында россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC курун биринчи жолу Россияга алып берди. Ал эми кыргыз шоу-бизнес жылдызы Нурлан Насип сүйүктүүсү Асел Кадырбековага сөйкө салды.

1. Шаардыктар жөө калганда… Артта калган дүйшөмбү бишкектиктер үчүн эсте каларлык окуялардын бири болуп калды. Бул күнү эртең менен үйүнөн чыгып эле адатта козу карындай жайнаган маршруткалардын бирин таппай айла кетти. Көрсө, айдоочулар иш таштаган экен. Алар шаар бийлигине бир нече талаптарды коюп, бир күн кечке жумушка чыкпай коюшту.

2. Ак жоолук салынган Асел. Кыргызстанда жылдызы жанып турган ырчы Нурлан Насип үй-бүлө курууга кадам таштады. Ал жекшембиде ата-энеси менен барып сүйүктүүсү Асел Кадырбековага сөйкө салды. Демек бул үйлөнүү тою да жакынкы күндөрү болот дегенден кабар берет. Ырчылар узак убакыттан бери ынак мамиледе жүрүп, элдин көңүл чордонунда болуп келишкен эле. Нурлан 20-мартта Аселдин туулган күнүндө колун сурап макулдугун алган болчу.

3. Октагон сыртындагы жаңжал. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC турниринин катышуучулары, анын ичинде Хабиб Нурмагомедов кетип бараткан автобуска кол салды. Видеодо Конор автобуска жүк ташыган араба менен темир тосмолорду ыргытып, унаанын аркасынан чуркап, коркутуп кыйкырып жатканын көрүүгө болот. Андан соң Хабиб чыгып "Конор, мушташкың келип жатабы? Мага жолуга турган болсоң билдирүү жаз, мен каалаган жагыңа барам" деп тиш кайраган. Бул окуядан улам Конор камалып, 50 миң доллар айып төлөгөндөн кийин чыгарылды.

4. Көптөн күткөн беттеш. Хабиб Нурмагомедов менен октагондон жолуга турган Тони Фергюсон бутунан жаракат алып беттешке катыша албай калды. Андан тышкары, да үч мушкер менен мушташуусу пландалып, бирок ар кандай себептер менен октагондо кездеше алган эмес. Аягында америкалык Эла Яквинта менен беттешмей болгон. Натыйжада аны жеңип Россиянын тарыхында алгачкы жолу UFC чемпиону болду.

5. Бала чекист… Бул бала келечекте мыкты чекист болчудай. Эмитен эле баш-оту менен киришип, унаалардын катарга тизилишин көзөмөлдөйт экен. Атургай атайын жасап алган кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп айдоочуларды сестентет. Улуттун коопсуздугун ишенип тапшыра берели.

6. Жаратылышты неге мынча кордодук… Бишкектин түштүгүндө тоо тарапты көздөй кеткен тараптагы "Кара-Булак" этнокомплексине жакын жер таштандыга көмүлүп калыптыр. Бул видеону Илим Карыпбеков Instagram баракчасына жарыялады.

"Өзүнүн өлкөсүнө саткын мамиле жасаган учур ушундай көрүнөт. Жакшынакай жаратылыш менен тоодой таштанды. Мынчалык булгаш үчүн мекенди канчалык деңгээлде жек көрүш керек болду экен?!" — деп жазган ал. Мынчалык кайдыгерликке барбайлычы!

7. Кафедеги жолугушуу… Саясатчы Топчубек Тургуналиев менен куудул Күмөндөр Абылов кафеден кезигип калса ушундай болмок экен. Бул учурду куудул, пародист Майрамбек Осмонов менен ЖК депутаты Кожобек Рыспаев көрсөтүп берген.

8. Мына сага бий… Тойго баргандан кийин ушинтип бийлеш керек. Экөө тең ачылып-чачылып чер жаза бийлешиптир. Бул агабызды Жан-Клод Ван Дамм көрсө да эс алып эле отуруп калса керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0