БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Биздин максатыбыз — өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу. Бул туурасында президент Сооронбай Жээнбеков 7-апрель элдик революция күнүнө карата кайрылуусунда билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө кыргыз элинин тарыхында жалпы журт бир максатка биригип өзүнүн майтарылбас эркин көрсөтүп, жалпы эрдиктин, элдик жеӊиштердин мисалдары арбын экенин айтты. Жээнбековдун айтымында, дал ушундай окуялардын бири — 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция.
"Ушул күнү тарыхый бурулуш болуп, туӊгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз. Адилеттикти туу туткан, чөгөлөп жашоого чыдабаган, кландык жана үй-бүлөлүк бийликти кабыл албай турган эл экенибизди дагы бир жолу далилдегенбиз. Тайманбас баатырларыбыз зомбулукка, адилетсиздикке каршы күрөштө бүт кыргыз элине сепил, түркүк болду. Алардын күчү менен жаӊы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты. Элдин бийлигин менчиктеп, элдин ырыскысын өз бүлөсүнө тартып берип, элди кул кылам дегендердин тилеги таш капты", — деди Жээнбеков.
Ошондой эле ал 7-апрелдеги окуялардан кийинки жылдар кылымга тете жылдар болгонун, өлкɵдө улуттук кайра жаралууга жол ачылганын белгилеген.
Кайрылуунун соңунда Жээнбеков курман болгондордун элесине таазим этип, баатырлар эӊсеген мамлекетти курууну жана мекенди гүлдөтүп өнүктүрүүнү убада кылды.