Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол

© Sputnik / Табылды КадырбековСейил багындагы шаар тургундары. Архив
Сейил багындагы шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн ачык болсо, жекшемби күнү күн бүркөлөт

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. 31-март, ишембиде өлкө боюнча жаан чачын күтүлбөйт. Ал эми 1-апрель, жекшемби күнү Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 31-мартта түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден түнкүсүн Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас облусунда 31-мартта күндүз абанын температурасы 27 градуска чейин ысыса, 1-апрелде күндүн табы 14 градуска чейин көтөрүлөт.

Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апрелдин башында Бишкектин борбору менен батышында газ болбойт. Тизме
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишембиде түнкүсүн 11…16 градуска чейин жылуу болсо, күндүз 23…28 градуска чейин ысыйт. Ал эми 1-апрелде түндө 8…13 градус болсо, күндүз күндүн табы 16…21 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл облусунда 31-мартта түндө 0…5 градус жылуу болсо, күндүз 12…17 градуска чейин ысыйт, 1-апрелде түндө 1…6 градус жылып, күндүз 7…12 градуска чейин жылуу болот.

Нарында ишемби күнү түндө 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылыса, күндүз 12…17 градуска чейин көтөрүлөт. 1-апрель, жекшембиде, түндө 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылыса, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 31-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Түндө 13…15 градус жылуу болсо, күндүз 25…27 градуска чейин ысыйт.

1-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндө 9…11 градус жылуу болсо, күндүз 11…13 градус жылыйт.

Ош шаарында 31-мартта түндө 12…14 градус жылып, күндүз күндүн табы 25…27 градуска чейин ысыйт. 1-апрелде түндө 9…11 градус жылуу болуп, күндүз 17…19 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0