ФЕРГАНА, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн, 29-март күнү премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегацияны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук" бекетинен Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов башында турган топ салтанаттуу тосуп алды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарындагы жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулуп, иш-чара Фергана шаарында өтүп жатат.
![Бүгүн, 29-март күнү премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегацияны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы Достук бекетинен Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов башында турган топ салтанаттуу тосуп алды. Бүгүн, 29-март күнү премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегацияны кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы Достук бекетинен Өзбекстандын Андижан облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов башында турган топ салтанаттуу тосуп алды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103840/16/1038401641_0:0:2782:1748_600x0_80_0_0_9c5c5287b0b4a34b09e6aed6e9a72bb2.jpg)
![Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарындагы жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулуп, иш-чара Фергана шаарында өтүп жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарындагы жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулуп, иш-чара Фергана шаарында өтүп жатат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103840/16/1038401609_6:0:2795:1859_600x0_80_0_0_12d3cad5a3cb888468179b0578d39d80.jpg)
![Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат. Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103840/16/1038401603_0:121:3964:2613_600x0_80_0_0_239db3b40d4d68be88b64f33f9525b84.jpg)
![Өткөн жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапарында өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум кабыл алынган. Өткөн жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон сапарында өкмөттөр аралык өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум кабыл алынган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103840/16/1038401621_0:105:2880:1915_600x0_80_0_0_d8e0f46d0920365d3a8e941e87b918bb.jpg)
![Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү маселеси каралган. Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү маселеси каралган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103840/16/1038401635_0:0:2771:1740_600x0_80_0_0_3008a7b2d777ab331633999c379fc8ae.jpg)
Бир күндүк жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланат.
Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш регоиндордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.