00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Новый перечень жизненно важных лекарств — фармаколог о том, что изменится для пациентов и больниц
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылытуу мезгилине даярдык: “Бишкекжылуулуктармагы” кандай иштерди аткарууда?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Юридикалык өкүлчүлүк жөнүндө мыйзам: жарандардын укугун коргообу же адвокаттарга монополиябы?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада күйүк алып төрт манжасы кесилген кыргыз кызы эки айдан бери ооруканада

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМэр Москвы Сергей Собянин посетил новый корпус Морозовской больницы
Мэр Москвы Сергей Собянин посетил новый корпус Морозовской больницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу эки айдан бери ооруканада

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Москва шаарында кир жуучу жайда иштеген кыргызстандык 29 жаштагы кыз жумуш ордунан күйүп калып, элчиликке бир айдан кийин гана кабарлаган. Мындай маалыматты Кыргызстандын Россиядагы дилпоматиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя январь айынын аягында болгон. Бирок жабырлануучу ушул убакка чейин ооруканадан чыга элек. Ал кир жуучу жайда үтүкчү болуп иштеп жүрүп эки колун тең катуу күйгүзүп алган.

"Жабырлануучу ооруканага жаткырылганы менен расмий органдарга кайрылбаптыр. Ал тууралуу биз социалдык тармактарга кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жазган маалыматтан улам, февраль айынын аягында билдик", — деди элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова.

Анын айтымында, кыргызстандык жаткан ооруканага элчиликтин өкүлү барып келди.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын апасы үн катты
"Элчиликтин кызматкери дарыгер менен сүйлөшүп, кыздын акыбалынан кабар алды. Аны эмки жумада ооруканадан чыгарышат экен. Өзүнө арыз жаздырып алып, тиешелүү органдар менен иштешип жатабыз. Мекендешибиздин айтымында, жумуш берүүчү алгачкы күндөрү ооруканага келип турганы менен кийин кабарын билдирбей кеткен", — деди маалымат катчы.

Кыргыз жараны менен болгон окуянын чоо-жайын иликтеп, тиешелүү чараларды көрүү үчүн элчилик Москва шаарынын Эмгек инспекциясынын жетекичисине кайрылды.

Ошондой эле учурда кыргыз жаранына Москва шаарындагы туугандары кол кабыш кылып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0