00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Быйыл да "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрү чемпиондугун талашмай болду

Жазылуу
Өткөн жылы финалда да эки команда кармашып, "Ынтымак" баш байгени илип кеткен

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалында Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командасы беттешмей болду. Бул тууралуу бүгүнкү оюндун жүрүшүндө белгилүү болду.

Жарым финалда оюн талаасына "Ынтымак" менен Сокулуктун "Биримдик Аю" командасы чыгып 2:1 эсебинде жеңип алган. "Достук" болсо Чүйдүн "Арашан" командасы менен кез келип, 15:1 эсеби менен финалга жолдомо алды. Ал эми "Биримдик Аю" менен "Арашан" үчүнчү жана төртүнчү орун үчүн беттешмекчи.

Эскертке кетсек, былтыр да финалда "Ынтымак" менен "Достук" командалары кармашып 8:7 эсеби менен "Ынтымак" баш байгени илип кеткен. Ал эми үчүнчү орунду "Биримдик Аю" камсыздаган. 

Эми кийинки оюндар 21-мартта Бишкектеги "Аккула" ат майданында өтмөкчү. Үчүнчү орун үчүн беттеш саат 10:00дө, финалдык бөлүгү 14.00дө башталат.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Мындан сырткары, Нооруз майрамына арналып ат чабыш жана эр эңиш боюнча улуттук оюндар уюштурулган. Ушул эле мелдеш Жалал-Абадда регионалдык деңгээлде өткөрүлүүдө.

Аталган турнир Нооруз майрамы жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулуп 15-мартта башталган. Анда өлкөнүн жети дубанынан жана Бишкек, Ош шаарларынан 16 команда ат салышты.

Мелдешке Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин алдындагы Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекция 2 миллион 890 миң сом бөлуп, анын 1 миллион 250 миң сому байге фондусун түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0