Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 11-март күнү Кыргызстандын аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Проблема затора в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болот?
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгак болот.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 5…10 градуска чейин көтөрүлсө, Ош менен Жалал-Абадда 8…13, Баткенде 9…14 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 8…13, ал эми Нарында 2…7 градус жылуу боло турганы айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы борбор калаада 8…10, ал эми түштүк шаарда 10…12 градус нөлдөн жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0