БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Reddit тармагында Жефф деп катталган колдонуучу 34 килограммга арыктаганган кийинки жана ага чейинки сүрөттөрүн жарыялады.
Fairytale #transformation: Dude loses extra pounds, turns into prince charming https://t.co/D7ON0q54O8 Photo: Apolecia / Reddit pic.twitter.com/TNrp3j3rVk
— Sputnik (@SputnikInt) 2 марта 2018 г.
"Мен салмактан, кайгыдан жана сакалдан арылдым. Жашоого жаңыча карап, адам өзүн сүйүшү керектигин түшүндүм", — деп жазды ал.
Жеффтин жазгандарына 100 миңден ашык лайк басылып, беш миңден ашык комментарий жазылган. Колдонуучулар ашыкча салмактан арылган Жеффти Disney мультфильмдеринин каарманына окшошуп калганын айтып, айрымдар "Шректен канзаадага айланыптыр" деген пикирлерин калтырышкан.
Көпчүлүктү таң калдырган Жефф 110 килограммдын 34түнөн йога менен машыгып, спирт ичимдиктеринен дээрлик баш тартканда арылганын айтты.
Сиз дагы ашыкча салмактан арылууну пландап, бирок жумуштан кол бошобой жатат десеңиз окумуштуулар иш ордунда кантип арыктоонун жол-жобосун айтты.