Бишкекте 18 жаштагы кыз жоголуп кетти. Белгилери жана сүрөтү

Жазылуу
Милиция кызды табууга жардамдашууну өтүнөт

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте 18 жаштагы кыз жоголуп кеткенин борбор калаа милициясы билдирди. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека5-февралда чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан Зарина Хамраюмова
Без вести пропавшая 18-летняя девушка Зарина Хамраюмова - Sputnik Кыргызстан
5-февралда чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан Зарина Хамраюмова

Тартип сакчылары 5-февралда чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан Зарина Хамраюмованы издөөдө.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, чачы узун, кара. Булгары куртка, кара жинсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.

Жоголгон кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды (0312) 43-32-75, (0553) 10-25-66, (0772) 05-20-00, (0702) 49-88-88 телефондору аркылуу байланышып коюу өтүнүчү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0