Төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Каза болгон үй-бүлө тойго бараткан

Жазылуу
Каза болгон үй-бүлө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын тургундары болгон

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кечээ, Токмок шаарына жакын жерде болгон жол кырсыгында каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсыктан көз жумгандардын жакындары билдирди.

Эске салсак, 3-март күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 56-чакырымында Honda Stepwgn менен Toyota Altezza үлгүсүндөгү унаалар кагышып төрт адам көз жумган

Жакындарынын айтымында, каза болгон үй-бүлө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылынын тургундары болчу.

"Небере кызы турмушка чыгып 60 жаштагы чоң ата, чоң апасы, келини жана 3 жаштагы небереси болуп Бишкектен Каракол шаарына үйлөнүү тойго бара жатышкан. Токмок шаарына келип калганда башка унаа менен сүзүшүп келини кырсык болгон жерден, үчөө ооруканадан көз жумган", — деп жакындары билдирди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө, жол кырсыгы боюнча соттук медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0