Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОтражение Международного Университета Кыргызстана в луже
Отражение Международного Университета Кыргызстана в луже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апта соңунда аба ырайынын температурасы жогорулашы күтүлүүдө

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Карга бөлөнгөн Бишкектин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Карга бөлөнгөн Бишкектин асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-мартта түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарында күндүз 11 градуска чейин жылыса, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында аба ырайынын температурасы 14 градуска чейин жетет. Ысык-Көлдө 8 градус, ал эми тоолуу Нарын облусунда 4 градуска чейин жылыйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши болжолдонууда.

5-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми 6-мартта күн ачык болот.

7-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда. Ал эми Ысык-Көл менен Нарын облустарында күн ачык болот.

Майрам күнү, 8-мартта күндүз жаан-чачын болбойт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр, 7-мартта кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

9-10-мартта болсо айрым тоолуу аймактарда бир аз кар жаашы мүмкүн. Калган райондордо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0