БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болду.
Ал жарым финалда монголиялык кыз менен кармашып 2:0 эсебинде алдыда келе жаткан болчу. Бирок беттештин бүтөрүнө 30 секунд калганда утулуп калган.
Ал эми коло медаль үчүн кармашта индиялык Дивя Какран менен жүздөшүп 12:6 эсебинде жеңип алды.
Беттештин жүрүшү менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан таанышыңыздар.