Бүгүн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында медалдын беш комплектиси ойнотулат. Анда өлкө намысын Саяна Баизова (50 кг), Нураида Анаркулова (59 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) коргойт.
Азия чемпионаты 27-февралда башталган, эми 4-мартта жыйынтыкталат. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштүн түрлөрү боюнча медалдын 30 комплектиси ойнотулат. Учурда чемпионатка 21 мамлекеттин спортчулары катышууда.