ЖМК: Чеченстанга курал жөнөтүү боюнча иште Сыдыковдун агасынын аты да аталууда

© AFP / KAREN BLEIERПоказ пистолетов в Шантильи
Показ пистолетов в Шантильи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камакка алынгандар колго түшүрүлгөнгө чейин көзөмөлдө болушкан

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Чеченстанга курал-жарак жөнөтүүсү боюнча иште Теңгиздин агасы Чыңгыз Сыдыковдун да аты аталууда. Бул тууралуу Вирджиния штатынын Чыгыш округунун прокуратурасына таянуу менен Коммерсантъ гезити жазып чыкты. 

Эскерте кетсе, 27-февраль күнү полиция Кыргызстандын эки жаранын Вашингтондо мыйзамсыз курал-жарак сатууга жана аткезчиликке айыптап колго түшүргөн. Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Теңгиз Сыдыков менен 27 жаштагы Элдар Резванов камакка алынган.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Замира Сыдыкова АКШда аткезчилик менен кармалды деген уулу тууралуу үн катты
Сыдыков Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Замира Сыдыкованын уулу экени айтылып, ал баласынын кылмышка тиешелүүлүгүн четке каккан.

Далил маалыматтарды сотко аталган ишти башынан бери иликтеп келе жаткан АКШнын Ички коопсуздук агенттигинин атайын агенти Майкл Гручаш берген. Отчетто КР жараны Теңгиз Сыдыков АКШ жарандыгын алуу үчүн арыз жазганы айтылат. Ал эми Элдар Резванов качкын катары АКШдан башпаанек сураган казакстандык жаран болуп чыкты. Материалда Теңгиздин бир тууган агасы Чыңгыз Сыдыковдун да аты аталат. Сүйлөшүү үчүн алар Gmail почталарын пайдаланган.

Гручаш шектүүлөрдүн Glock тапанчаларынын ар кыл үлгүсү үчүн айрым бөлүктөрүн жана ок-дарысын сатып алганын баштан аяк иликтегенин билдирди. Буга жалпы жонунан 5 миң доллар сарпталган. Прокуратура, мындан тышкары, 2017-жылдын май айында Теңгиз Сыдыков 17 жана 19 үлгүсүндөгү 24 Glock тапанчасын сатып алганын маалымдады. Жалпы жонунан сатып алган тапанчалардын саны 64кө жеткен.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркияда кыргызстандык аял чогуу жашаган эркекти өлтүргөнү үчүн 25 жылга кесилди
Шектүүлөрдү күнү-түнү кайтарууга алуу менен агент курал-жаракты чачып туруп кадимки почта аркылуу жиберүүнү чечкенин аныктайт. Төрт посылкада Россия менен Кыргызстандын төрт дареги көрсөтүлгөн. Анын үчөө Грозныйга багытталып, алчу кишилердин аты-жөнүнө чейин жазылган. Посылкалар почта бөлүмдөрүнө өткөрүлгөндөн кийин атайын кызмат почтаны текшерүүгө алышкан. Натыйжада посылкадагы курал-жарактын компоненттери ашкана буюмдарына скотч менен чапталып турганы аныкталган.

Камакка алынгандар АКШнын курал-жарак экспорттоо боюнча мыйзамын бузуу, өлкөдөн контрабандалык товарды алып чыгуу, электрондук коммуникация каражаттарын пайдалануу менен жасалган шылуунчулук боюнча айыпталууда. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе, ар бири 20 жылдан эркинен ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0