БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 8-мартка карата кыргызстандыктардын дем алыш күндөрү боюнча расмий чечим алигиче айтыла электигин Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган министрлик өткөн жылдын октябрь айында 2018-жылы белгилене турган 13 майрамдын тизмесин жарыялаган. Алардын ичине кирген 8-март бейшемби күнгө туура келет.
Белгилей кетсек, жыл башында жаңы жылдык дем алыш күндөрү жылдырылып кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алган. Ал эми 23-февраль жума күнгө туш келип жарандар үч күн катары менен эс алышкан.