Жынысын алмаштырам деген Венера: ким экенимди билген жигиттер "өлтүрөм" деп коркутат

© AP Photo / Jae C. HongПроблема проституции в США
Проблема проституции в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда канча киши жынысын алмаштырган, алар документти кантип алышат жана буга диндин көз карашы кандай? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.

Венера (аты өзгөртүлдү — ред.) 20 жашта, сыртынан караганда кадимки бишкектик студент кыздардын бири. Чачы узун, кирпик-кашы боелгон, арык чырай. Ачык түстөгү кийимдерди кийип, көзгө дароо урунган келбети бар. Көчөдөн ага тийишип, таанышкысы келген жигиттер дагы жок эмес. Бирок паспортундагы жынысын көргөндө, баягы жигиттер жаа бою качып, айрымдары коркутуп-үркүтүүгө өтүшөт. Анткени анын паспортундагы "жанысы" деген графанын жанында эркек деп көрсөтүлгөн.

"Мен эркектин денесинде төрөлгөн аял экенимди 10 жашымда түшүндүм. Ага чейин балдар менен ойногум келбей, көп нерселерге түшүнө албай кыйналып жүрдүм. Муну классташ балдар деле байкаса керек, айтор, уруп, тилдеп азабымды беришчү. 12-13 жашка чыкканда чачымды өстүрүп, кыздардын кийимин кийгим келе баштады. Өзүмө окшогондорду издей берчүмүн", — деди ал.

Трансгендер деген ким?

Психолог Нестан Исмаилованын айтымында, трансгендерлер өзүн аял болуп туруп эркектин же эркек болуп туруп аялдын денеси менен туулуп калгандай ыңгайсыз сезген адамдар. Булардын трансвестит жана гомосексуалдар менен эч тийшеси жок.

"Булар ар дайым кыжалат болуп, өзгөргүсү келе берет. Кимдир бирөөлөр мындай сезимдерди жокко чыгарып, шек алдырбай жашай берсе, башкалары эч нерсеге карабай жашоосун түп тамыры менен өзгөртүп алышат", — деди психолог.

Ал эми Венера жыныс алмаштырууну чечкенин биринчи жолу көп жылдан бери Германияда жашап жүргөн тууганына айткан экен.

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
"Ал Европада жүрүп, далайды көрсө керек, жеңил эле кабыл алды. Атургай адамдын чачынан жасалган сапаттуу парик алып келип берди. Андан кийин чечимимди апама айттым. Байкуш кыйкырып-өкүрдү, ыйлады. Жарым жыл бою мени менен сүйлөшпөй койду", — деди Венера.

Кыргызстанда жыныс алмаштыруу боюнча бул жалгыз мисал эмес. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, 2017-жылы өлкө боюнча 12 адам жынысын алмаштырганына байланыштуу жаңы документ алышкан. Мыйзамга ылайык (жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө мыйзамдын 38-беренеси) Кыргызстанда каалаган адам жынысын алмаштыра алат.

Бирок бул мыйзамдар кабыл алынгандан бери иштебей, былтыр эле күчүнө киргенин Саламаттык сактоо министрлигинин далилдөөчү медицина маселелери боюнча консультанты Бермет Барыктабасова билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин далилдөөчү медицина маселелери боюнча консультанты Бермет Барыктабасова
Консультант по доказательной медицине Министерства здравоохранения Бермет Барыктабасова - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлигинин далилдөөчү медицина маселелери боюнча консультанты Бермет Барыктабасова

"Мурда жыныс алмаштыргандар жаңы документ ала алчу эмес. Анткени ИННдин (салык төлөөчүнүн тастыктоочу номери) эң биринчи номери адамдын жынысын түшүндүрөт, аны алмаштырууга уруксат жок эле. Былтыр Мамкаттоо кызматы автоматташканда бул көйгөй чечилди. Анткени эки адамга бир ИНН берилип, ката кетип калган учурлар болуптур. Ошондуктан ушул сыяктуу учурларда ИННди алмаштырууга болот деген токтом чыккан. Аны пайдаланып, мурда документ ала албай жүргөндөрдүн баары алды", — деди Барыктабасова.

Ал билдиргендей, жынысын алмаштыргандар өзүн "мыйзамдаштыруу" үчүн дарыгерден маалымкат алат. Бул документтин негизинде Саламаттыкты сактоо органы ЗАГСка кайрылып, документтерди оңдошот. Ошондон кийин гана жаңы паспорт берилет.

Барыктабасованын айтымында, медициналык жактан трансгендерлер маселеси боюнча былтыр Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан жаңы түшүндүрмө мыкты иштей баштады. 

"Трансгендерлерге тиешелүү мыйзамдар 2000-жылдардын башында эле бар болчу. Бирок алар иштебей келген. 2017-жылы министрлик медициналык түшүндүрмө иштеп чыкты. Анда бул адамдарды кайсы адистер карап, трансгендердик абалын кимдер аныктаары так көрсөтүлгөн. Ошондой эле булар менен гинеколог, эндокринолог жана психологдор кантип туура иштеп, туура диагноз коюусу керектиги айтылган", — деди Барыктабасова. 

Адис мындан тышкары, мурда мыйзам иштебегендиктен мамлекеттик органдарда дагы болуп келген көйгөйлөр эми чечилип, бары жай-жайына туруп калганын кошумчалады.

Документ алганга чейинки жол

Кененирээк айта турган болсок, жыныс алмаштыргысы келген адам психиатр менен сексологдун кароосунан өтөт. Сексолог жыныс алмаштыруу зарылдыгын, психиатр анын шизофрения сыяктуу психикалык оорулары жок экенин тастыктоосу керек.

Баса, документти алмаштыруу үчүн хирургдун колунан өтүүнүн зарылдыгы жок.

"Качан өзүмдү кыз сезе баштаганда, атайын уюмга кайрылгам. Мени эндокринологго жиберишип, ал мага аялдык гормондорду берген. Төрт жылдан бери калтырбай ичип жүрөм", — деп түшүндүрдү Венера.

Жаңы паспорт алуу үчүн Республикалык психикалык ден соолук борборунан текшерүүдөн өтүп, алар бул чечимди акыл-эси менен кабыл алды деп бүтүм чыгарып бериши керек.

Аталган процедуралардын жарым-жартылайын башынан кечирген Венера болжол менен жаз айларында жаңы документ алууну пландап жатат.

Операциянын баасы канча?

Бишкекте жыныс алмаштыруу менен Улуттук госпиталдын алдындагы урология бөлүмү алектенет. Анын жетекчиси, профессор Акылбек Усупбаевдин айтымында, Бишкекте трансгендерге акыркы жолу 2014-жылы операция жасалган. 

© Фото / Елена БаялиноваУлуттук госпиталдын алдындагы урология бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Акылбек Усупбаев
Уролог Акылбек Усупбаев - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын алдындагы урология бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Акылбек Усупбаев

"Жынысын алмаштыра турган адамдарды эки топко бөлүп караса болот. Биринчиси —гермафродиттер. Булар эркектин дагы аялдын дагы жыныстык органдары менен туулуп, анык жынысы аныкталгандан кийин эки органдын бирин алдырып салышат. Экинчиси — транссексуалдар, эркек болуп төрөлгөнүнө карабай ичинен өзүн аял элестетет же тескерисинче. Акыркы жылдары кош жыныстуу төрөлгөн 20га чукул адамга операция жасалды. Ал эми эркектен аялга же аялдан эркекке айлангандар өтө эле аз, көп болсо экөө, үчөө", — деди Усупбаев.

Анын айтымында, гермафродитизм менен жабыркагандардын операциясын мамлекет каржылап берет. Ал эми транссексуалдар дарылануу акысын өз чөнтөгүнөн төлөшү керек.

Система здравоохранения в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 10 илдет
"Менимче биздеги жыныс алмаштыргандардын көпчүлүгү чет өлкөлүк дарыгерлердин кызматын пайдаланышат. Анткени алар уялат, анонимдүү жашагысы келет. Анткен менен Кыргызстанда жыныс алмаштыруу башка өлкөлөргө караганда 20 эсе арзан турат. Бул жерде кайсы сумма тууралуу сөз болуп жатканын айта албайм. Операциянын мындай түрүнө такталган баа коюла элек", — деди башкы уролог.

Ал эми Венера болсо операцияны чет өлкөдөн жасатууну пландап жатат.

"Азыр операцияга акча чогултуп жатам. Жыныс алмаштыруу жана бетке пластикалык операцияны Таиланддан жасатам. Ал жакта мындай операциялар аябай өнүккөн. Ал эми төшүмө силиконду Түркиядан койдурам деп ойлойм. Анткени, ал жакта 1,5 миң долларга эле жасап беришет экен", — деди Венера.

Өзү кошумчалагандай, мунун бардыгына 50 миң доллардай каражат кетет. Ошондон кийин гана турмушка чыгып, жетимдер үйүнөн бала асырап аларын айтты.

Буга дин кандай көз карашта?

Кишинин аялдан эркекке же эркектен аялга айланышына ислам дини каршы экенин муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогаазы уулу билдирди. 

© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогаазы уулу
Представитель отдела фатвы ДУМК Бактияр Токтогазы уулу - Sputnik Кыргызстан
Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогаазы уулу

"Адам өзүн-өзү жараткан эмес. Кудай берген нерсеге нааразы болуп, жынысын алмаштырып салуусу чоң күнөө болуп эсептелет. Бирок киши кош жыныстуу болуп туулуп калган учурда медиктердин жардамы менен күчтүү тарабын тандап алат. Буга диндин каршылыгы жок", — деди Токтогаазы уулу.

Дал ушундай эле пикирди Республикалык православдык чиркөө дагы карманат.

Центр по ведению беременности и родов у женщин с сердечно-сосудистыми заболеваниями в ГКБ № 6 Челяюинска - Sputnik Кыргызстан
Төрөткө байланыштуу 7 аңыз. Кыргызстандык кыз-келиндердин жаңылыштыгы
Сексуалдык багыт жана гендердик окшоштук маселелери менен алектенген Уильямс институтунун маалыматына караганда, акыркы 10 жылда өзүн трансгендер деп атаган адамдардын саны эки эсеге өскөн.

Дүйнөлүк ЖМКлардын жазгандарына таянсак, трансгендерлерге жакшы шарттар Европа мамлекеттеринде, АКШда жана Австралияда түзүлгөн. Ал эми КМШ, Африка өлкөлөрүндө жыныс алмаштырган адамдарды таңкалуу менен карашат. Мындай мамлекеттерде трансгендерлер коомчулук тараптан сынга кабылып, зомбулукка туш болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0