Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү айрым жерлерде жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Жаздын биринчи күнүндө Чүй өрөөнү менен Таласта 6…11, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 9…14, Ысык-Көлдө 3…8 градус жылуу болот. Ал эми Нарын облусунда 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаары менен Ош калаасында мезгил-мезгил менен жаан жаап, 8…10 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0