БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Активисттер шаардыктар менен калаадагы кызматтардын өз ара иштешин жакшыртуу максатында Bishkek 312 деп аталган тиркемени иштеп чыкты. Бул туурасында Бишкек шаарынын мэриясы Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
Тиркеме азыр жабык тартипте сыноодон өтүп жатат. Мэриядан анын иштешине сунуш, пикирлер, сындар айтылгандан соң иштелип чыгып, анан расмий түрдө коомчулукка жарыя кылынарын кабарлаган.
Тиркемеде кайсыл жерден даамдуу тамактанууга болору айтылган. Андан сырткары шаардагы таштандылар, суу, жылуулук менен камсыздоо сыяктуу маселелер жаатында жалгыздап, же тайпага чогулуп алып сунуш киргизүү мүмкүнчүлүгү да маалымдалган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин борбор калаадагы көйгөйлөр, маселелер тууралуу жазган "Бишкек бүгүн" деп аталган Telegram тобу бар экендигин эске салабыз.