ЖМК: Карагандыда Кыргызстандан тигилип барган кийимдерден формальдегид табылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКийим сатуу. Архив
Кийим сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттердин текшерүүсүнө Карагандыдагы бардык соода түйүндөрү дуушар болгон

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Казакстандын Караганды шаарында Кыргызстандан тигилип барган балдар кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Кийим-кече сатылып жаткан базар менен дүкөндөрдү Коомдук саламаттык сактоо департаментининин адистери текшерүүгө алган.

"Кыргызстанда чыккан балдар кийимдеринде формальдегиддин ашыкча көлөмү аныкталган. Санитардык дарыгерлер кийим-кече сатып алууда сапат сертификатын сурап, товардын курамына көңүл бурууга чакырат. Керек болсо товарды жыттап көрүш керек, анткени формальдегид түзсүз болгону менен мурун жарган жыты болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Текшерүү учурунда соодагерлерге жалпы жонунан 200 миллион теңгеге чукул айып салынган.

Формальдегид — түзсүз келген газ, уулуу. Адам организмине олуттуу залака тийгизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0