Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековУзакбаев Абылкайыр Осмонбекович
Узакбаев Абылкайыр Осмонбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылкайыр Узакбаев 1964-жылы 31-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылында туулган.

Билими:

1986 — Айыл чарба техникумун "ветеринар техник" адистиги боюнча аяктаган;

1996 — Кыргыз айыл чарба институтун "ветеринардык врач" кесиби боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

1986 — Жети-Өгүз районундагы Тамга совхозунда жумушчу, ветеринар;

1987 — Тамга совхозунун комсомол комитетинин катчысы;

1988 — Тамга совхозунун зоотехниги;

1993 — совхоздун бөлүм башчысы;

1994 — Тамга дыйкан чарбалар кооперативинин башкы адиси;

1996 — Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы;

1999 — Тамга дыйкан чарба кооперативинин төрагасы;

2005-2011 — Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы;

2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан депутат.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0